20

Март

2015

Абдырахман Маматалиев Ысык-Көл облусундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алат

Бүгүн, 20 мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды. Иш сапарынын алкагында вице-премьер-министр Ысык-Көл облусунун бир катар райондорундагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алып, калк менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жазгы-талаа иштерин өз маалында жыйынтыктоо алкагында фермерлер жана дыйкандардын көйгөйүн максималдуу түрдө чечүү маселесин талкуулоо үчүн жолугушмакчы. Андан соң Абдырахман Маматалиев Каракол шаарында жазгы-талаа иштери маселеси боюнча республикалык селектордук жыйынга катышып, облус активи менен жолугушуп, Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешти өткөрөт. Иш сапар жыйынтыгында вице-премьер-министр Каракол шаарында өтүүчү күн менен түн теңелген күндү – Нооруз майрамын белгилөө салтанатына катышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү