30

Январь

2015

Абдырахман Маматалиев «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн аткаруучу директорун кабыл алды

Бүгүн, 29-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев «Хьюман Райтс Вотч» уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн аткаруучу директору Хью Уильямсонду кабыл алды. Жолугушууну ачууда вице-премьер-министр «Хьюман Райтс Вотч» - дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргыз Республикасында да адам укугун коргоо маселеси менен алектенген алдыңкы укук коргоочу уюм катары миссиясынын маанилүүлүгүн белгиледи. “Өлкөнүн өкмөтү тарабынан мыйзамды жаңы Конституцияга жана адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге ылайык келтирүү боюнча чоң иштер аткарылууда»,- деп белгиледи Абдырахман Маматалиев. Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын делегациясы Женевада Адам укугу боюнча II Улуттук баяндаманы жактаган, аны даярдоодо жарандык коом уюмдарынын, улуттук укук коргоо мекемелеринин жана улуттук илимий институттардын материалдары эске алынган. «БУУнун Адам укугу боюнча кеңешинин иштиктүү тобунун 21-сессиясына катышкан 74 мамлекет делегацияларынын өкүлдөрү Кыргызстандын мыйзамдык, соттук, административдик жана адам укугун коргоо боюнча ишмердүүлүккө жетекчилик принциптерин киргизүүнүн башка чараларын өнүктүрүүдөгү алга умтулуусуна оң баа берген», — деп кошумчалады вице-премьер-министр. Өз кезегинде Уильямсон белгилегендей, Кыргызстандын адам укугун коргоо жаатындагы жетишкендиктерине жогору баа берилет. “Кыргызстан тарабынан 2010-жылдан тарта адам укугун коргоо жаатында жетишилген натыйжалары сыйга татыйт. Көлөмдүү иштер аткарылган»,- деп белгиледи ал.

[su_carousel source="media: 49584,49585,49586,49587" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү