30

Март

2015

Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укук тартиби тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты

Бүгүн, 30-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укук тартиби тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына катышты. Кеңештин жүрүшүндө вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча негизги багыттарды аныктаган бир катар чаралар кабыл алынган. “Коомдук тартипти камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуудагы милиция жана коомдун өз-ара аракеттешүүсүн чыңдоо максатында тездетилген сотко чейинки өндүрүш киргизилген, милициянын участкалык пункттары иштеп, төмөнкү подразделениелер чыңдалып, айылдык милиция бөлүмдөрү ачылып, кварталдык милиция принциптери киргизилүүдө», — деп маалымдады катышуучуларга Абдырахман Маматалиев. Ошондой эле белгиленгендей, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз-ара байланышты орнотуу максатында Бишкек, Ош шаарларында жана республиканын облустук борборлорунда форумдар өткөрүлүп, анда өз-ара аракеттешүү маселелери жана коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу көйгөйлөрү талкууланган. Андан соң Кеңештин мүчөлөрүнө мурдагы кеңеш жыйынынын чечимдеринин жыйынтыгы боюнча отчет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө комплекстүү баа берүүнүн негиздери тууралуу жобону бекитүү жөнүндө” токтомунун ишке ашырылышы жөнүндө маалымат сунушталды. Ошондой эле Кеңештин жүрүшүндө ички иштер органдарынын жана жарандык коомдун өз-ара аракеттешүү механизмдери тууралуу жана КР ИИМ билим берүү мекемелеринин ишин жана кесиптик даярдоо тутумун оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча чаралар тууралуу ЧУА долбоорлору тартууланды. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоого кызыкдар жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен өз-ара пайдалуу кызматташууга ишенимин билдирди. “Биз ички иштер органдарынын иши коомдук коопсуздуктун тийиштүү камсыздалышына карай калктын ишенимин чыңдоого, арыздарга карата өз убактысында жана натыйжалуу жооп кайтарууга, адилеттикке жеткиликтүүлүктү камсыздоого, ошондой эле жарандардын кылмыштуу кол салуудан корголуусуна багытталуусуна умтулабыз» — деп жыйынтыктады ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү