13

Май

2015

Абдырахман Маматалиев республиканын ЕАЭБге кошулуу алдындагы Баткен облусунун көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын даярдыгын текшерди

Кечээ, түштүк аймагы боюнча иштиктүү сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Баткен облусунун бир катар күч блок обьектилерин көзөмөлдөдү. Алсак, вице-премьер-министр Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын стационардык постуна барды. Анын иши менен таанышкан соң, Абдырахман Маматалиев посттун ишин сынга алды. “2014-жыл үчүн маалыматтар көрсөтүп тургандай, баңгизат каражаттарын аткезчилик менен ташуу фактыларын ачыктоо иштери натыйжасыз жүрүүдө. Жоопкерчиликке кылмышкерлердин жалпы чынжырчасын - аткаруучудан уюштуруучуга дейре тартуу иретинде атайы ири операцияларды өткөрүү боюнча жыйынтыктар байкалбай жатат», — деди ал. Ошондой эле ал белгилегендей, ыкчам кызматтык ишмердүүлүктөгү көрсөтүлгөн кемчиликтерге, оор баңгизаттарды тартып алуу боюнча маанилүү жыйынтыктардын болбой жатышынын себептерине, ошондой эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын ишин аксатып жаткан жетекчилердин жоопкерчиликке тартылышына тийиштүү көңүл бурулушу керектигин белгиледи. Андан соң вице-премьер-министр Баткен облусунун Баткен районунда жайгашкан «Кызыл Бел» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Вице-премьер-министр республиканын ЕАЭБге кошулуу алкагында тийиштүү жабдуу менен жабдылган көзөмөлдөө-өткөрүү пункттарынын даярдыгын текшерди. Ал белгилегендей, көзөмөлдөө-өткөрүү пункту толугу менен ЕАЭБ талаптарына жооп берет жана келечекте бирдиктүү маалыматтык шлюзга кошулууга ыңгайлашкан. Ошондой эле вице-премьер-министр «Кулунду-Максат» көпүрөсүнүн курулушу жана Баткен облусунун Лейлек районундагы “Кулунду” чекара бекетинин иштөө шарты менен таанышты. Жыйынтыгында вице-премьер-министр тийиштүү органдарга курулуш иштерин тездетүү тапшырмасын берди. Андан соң вице-премьер-министр республиканын ЕАЭБге кошулуу алкагында кыргыз-тажик чекарасындагы «Кулунду-Автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун даярдыгы менен танышып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жаратылышы кырсыктарынын алдын алуу жана жоюу боюнча даярдыгын көзөмөлдөдү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү