12
Ноябрь
Абдырахман Маматалиев: Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча калк арасындагы түшүндүрүү иштери тутумдуу негизде жүргүзүлүшү керек
Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.
Комиссиянын ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча калк арасындагы түшүндүрүү иштери жетиштүү деңгээлде өткөрүлбөй жатат.
“Акыркы айларда жол-транспорттук кырсыктардын саны көбөйүп, анда адамдар курман болууда. Адам өмүрү баасыз экендигин эске түйүү керек. Бул шартта жол коопсуздугун камсыздоонун жана жөнгө салуунун заманбап техникалык каражаттарын ишке киргизүү керек»,- деп билдирди вице-премьер-министр.
Андан соң комиссия мүчөлөрү 2014-жылдын 7-ноябрында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 143 чакырымында орун алган жол кырсыгын иликтөөнүн жыйынтыгын талкуулады.
Аталган маселе боюнча жол кырсыгынын санын азайтуу максатында көрсөтүлгөн тилкеде үзгүлтүксүз негизде рейддик иш-чара жүргүзүү чечими кабыл алынган.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрында Дүйнөлүк жол-транспорт кырсыгынан курман болгондорду эскерүү күнүн утурлай жол кыймылы коопсуздугун жайылтуу боюнча маалыматтык кампанияны уюштуруу чечими кабыл алынган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү