10
Февраль
2015
Абдырахман Маматалиев: «Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматынын күч-аракети майда кылмыштуулукту ачууга бурулуп, ири операцияларды өткөрүү боюнча жыйынтыктар байкалбай жатат”
Бүгүн, 10-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын жыйынтык коллегиясына катышты.
Коллегияда мамкызматтын 2014-жылкы иш жыйынтыгы жана 2015-жылга карата пландары талкууланды.
Жыйын жүрүшүндө вице-премьер-министр Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматтын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн оңдуу жыйынтыктарын белгилеп, ошол эле кезде кызматтын ишинин кемчиликтерине да токтолду.
“Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитет түзүлүп, Баңгизатка каршы программа бекитилген, аталган программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген, бирок өлкөдөгү баңгизатка байланыштуу абал чыңалган түрдө калууда»,- деди вице-премьер-министр.
“Кызмат ишмердүүлүгүнүн статистикасы көрсөткөндөй, баңгизатты аткезчилик менен ташуу фактыларын ачыктоо жыл өткөн сайын төмөндөөдө. Бул тийиштүү жыйынтык болуп саналбайт», — деп кошумчалады ал.
Ошондой эле кызматтын көрсөткүчтөрү ИИМдин 2014-жылкы көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу аз жана жетишсиз болуп саналат.
“Ошол эле учурда бардык укук коргоо органдарынын арасынан Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызмат материалдык-техникалык жана финансылык жактан мыкты жабдылган. Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызматынын күч-аракети майда кылмыштуулукту ачууга бурулуп, атайы ири операцияларды өткөрүү боюнча жыйынтыктар байкалбай жатат», — деди ал.
Андан соң вице-премьер-министр кошумчалагандай, Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызмат атайы адистештирилген укук коргоо органы катары УКТ тарабынан пландаштырылган жана ишке ашырылган баңги кылмыштуулугунун алдын алуу, ачыктоо жана бөгөт коюу менен алектениши тийиш.
«Сиздер тараптан баңгизатка байланышкан терең мүнөздөгү кылмыштар ачылышы тийиш. Сиздердин негизги күч –аракетти алаксытуу максатына эмес, аткезчилик жана баңгизат сатуу инфраструктурасын жоюуга буулушу керек», — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев.
Вице-премьер-министр укук корго кызматкерлеринин баңгизат ташып бара жаткандагы колго түшүү фактыларына жана оор баңгизаттарды алып салуу боюнча жетишсиз көрсөткүчтөргө токтолду.
“Көрсөтүлгөн мисалдар оперативдик курамдын алсыз ишин жана айрым жетекчилердин жетишсиз деңгээлдеги уюштуруучулук ишин түшүндүрөт»,- деди ал.
Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев билдиргендей, кызматтын иш жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жакын арада баа берилет.
«Белгилүү жыйынтыкка келип, ыкчам-кызматтык иштеги кемчиликтерге, анын себептерине тийиштүү көңүл бурууну сунуштайм. Өз милдеттерин так аткара албаган жетекчилерге карата тийиштүү чараларды кабыл алууну сунуштайм», — деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү