22

Март

2015

Абдырахман Маматалиев: «Биздин бабалардын улуу жеринде, өлкөбүздүн бермети эсептелген Ысык-Көл жээгинде Ноорузду тосуу мен үчүн сыймык»

Бүгүн, 21-мартта, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев күн менен түн теңелген майрам – Ноорузду тосуу иш-чарасына катышты. Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аймактын бардык жашоочуларын “Нооруз» майрамы менен куттуктады. «Биздин бабалардын улуу жеринде, өлкөбүздүн бермети эсептелген Ысык-Көл жээгинде Ноорузду тосуу мен үчүн сыймык. Анткени Чыгыш элдеринин салты, ата-бабаларыбыздын салтында жаратылыштын жана адамдын жашоо жаратуу күчүнө баа берүү маңызы камтылган», — деди Абдырахман Маматалиев. Ошондой эл ал ынтымактын жана жаратмандыктын майрамы эсептелген күнү бардык жамандыктар артта калып, ар-бир адам өз жүрөгүн жек көрүүчүлүктөн тазартып, муктаж болгондорго кол сунуусун каалады. “Менин ишенимимде, алдыда биздин өлкөдө экономика жана социалдык тармактарда натыйжалуу өзгөрүүлөр орун алып, кайрадан жаралууга шарт түзүлүп, маданият жана билим берүү тармагында жаңы мейкиндиктер ачылат», — деп белгиледи вице-премьер-министр. Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев дагы бир ирет жалпы Кыргызстан элин ыйык «Нооруз» майрамы менен куттуктап, чың ден-соолук, жылуулук, тынчтык жана ачык көк асман алдында бакубаттуулук өкүм сүрүшүн каалады. “Майрам ар-бирибизге бакыт-таалай, ырыс-ынтымак, биримдиктин чыңдалышын, өз-ара кечиримдүүлүктү алып келсин»,- деди ал.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү