15
Декабрь
Абдырахман Маматалиев: «112» кызматы өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда курмандыктардын жана жабыркагандардын санын кыскартууга мүмкүндүк берүүчү, өлкө коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү баг
Бүгүн, 15-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев «112» Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун расмий ачылышына катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда мамлекеттик орган жетекчилеринин, Япониянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин жана аталган кызматты негиздөөгө көмөк көрсөткөн эл аралык шериктердин катышуусунда өттү.
«112» Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутуму маалыматтык технологиялардын жана маалыматтарды берүүнүн заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен катаал абалдарга жооп берүүнүн көп деңгээлдүү тутумун түшүндүрөт», — деп маалымдады Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов.
«Диспетчерлер ар бир чакырыкты ыкчам жооп кайтаруучу тийиштүү кызматтарга жөнөтүп, алардын окуя болгон жерге баруусун жана жабыркаган жакка тийиштүү көмөк берилишин көзөмөлдөп турат. Эми өлкөнүн кырсыкка кабылган ар-бир жараны «112» номурун терүү менен анын кызматынан пайдаланууга мүмкүндүгү бар»,- деп билдирди министр.
Андан соң тесттик жана он-лайн режиминде «112» Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун иши тартууланды.
«112» кызматынын киргизилиши өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда курмандыктардын жана жабыркагандардын санын кыскартууга мүмкүндүк берүүчү, өлкө коопсуздугун камсыздоодогу маанилүү багыттардын бири болуп саналат. «112» тутуму бардык күзөт-диспетчердик кызматын бириктирип, («101», «102», «103», «104») өзгөчө кырдаал учурунда ага карата жооп кайтаруу убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Кубатбек Боронов.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев белгилегендей, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана донорлор тарабынан 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому аркылуу бекитилген Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун түзүү боюнча чоң иштер аткарылган.
“КР Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумун жакшыртуу учурда актуалдуу мааниге ээ болууда. Кырсыктардын алдын алуу жана алардын санын кыскартуу заманбап маалыматтык технологияларды колдонуусуз ишке ашыруу мүмкүн эмес. “112» тутумун түзүү калктын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугунун ар-кыл коркунучтарына каршы турууга жөндөмдүү жана учур талабына жооп берген комплекстүү коопсуздукту камсыздоонун негизги багыттарынын бири болуп саналат», — деп билдирди вице-премьер-министр.
Аталган демилге эл аралык шериктердин, тактап айтканда, Дүйнөлүк банктын, Япония өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП, ошондой эле Россия ӨКМ илимий-иликтөө институтунун жетекчилигинин колдоосу астында ишке ашырылган.
Жыйынтыгында министрлик жана ведомстволорго Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумунун компоненттеринин туруктуу ишин камсыздоо жана аны өнүктүрүү жана колдоо боюнча иш-чараларды өз убактысында пландаштыруу, ал эми ӨКМ квартал сайын аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча маалымат берип туруу тапшырмасы берилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү