18

Февраль

2015

Абдырахман Маматалиев: «Бардык министрлик жана ведомстволордун ырааттуу иши аркылуу гана терроризмди жана экстремизмди каржылоого каршы туруу боюнча мыкты натыйжаларга жетишүү мүмкүн”

Бүгүн, 18-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Терроризмди каржылоого каршы туруу жана кылмыштуулук жолу аркылуу түшкөн кирешелерди мыйзамдаштыруу маселеси боюнча комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссиянын ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстанда финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүгө багытталган чаралардын улуттук тутуму иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы түзүлүп активдүү иш алып барууда. “Аталган Комиссиянын жетишкендиктери катары 2014-жылдын июнь айында Кыргызстан ФАТФ (Акчалардын изин жашырууга каршы көрүшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуучу топ) күңүрт тизмесинен чыгарылган, ал эми 2014-жылдын ноябрь айында Евразиялык топтун күчөтүлгөн мониторингинен чыгарылган. Кыргыз Республикасы терроризм коркунучтарынын жана кылмыштуу кирешелерди жашыруунун алдын алуу ишинде гана эмес, инвестициялык абалды жакшыртуу жаатында да маанилүү кадамдарды жасаган», — деп белгиледи Абдырахман Маматалиев. Ошондой эле белгиленгендей, негизги максат жана милдеттердин алкагында Комиссия кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы туруу жаатындагы макулдашылган чечимдерди иштеп чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бул тармактагы мамлекеттик органдарынын натыйжалуу өз-ара аракеттешүүсүн жана ишин координациялоону уюштурат. “Мыкты даярдыктагы жана жабдылган бир дагы мониторингдик кызмат, эксперттер тарабынан бүткүл мамлекеттин финансылык тутумун талкалоого жөндөмдүү коркунуч катары бааланып жаткан кылмыштарга жеке түрдө каршы тура албайт. Мыйзамдын жана финансылык тутумдун туруктуулуктун камсыздаган бардык министрлик жана ведомстволордун ойлонулган, ырааттуу ишисиз терроризмди жана экстремизмди каржылоого каршы турууда мыкты ийгиликтерге жетишүү мүмкүн эмес», — деп кошумчалады ал. Андан соң комиссия мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелерди кароого өттү. Белгилей кетчү нерсе, талкуу жыйынтыгында Комиссиянын кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы туруу маселеси боюнча 2015-жылга иш планы кабыл алынды. “Быйылкы жылы биз аталган багыттагы жалпы күч-аракетти бириктирүүбүз зарыл. 2015-жыл жыйынтыгы мындан да жемиштүү жана натыйжалуу болуусу керек», — деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү