17
Март
2015
Абдырахман Маматалиев: «”Коопсуз шаар” долбоору үзгүлтүккө учуратылса, же өз милдеттерин так аткарбай жаткан фактылар аныкталган учурда күнөөкөр жактар жоопкерчиликке тартылат»
Кечээ, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы «”Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө келишим долбоорунун ченемдерин талдоону ишке ашыруу үчүн түзүлгөн ведомство аралык иштиктүү топтун кеңейтилген жыйыны болуп өттү.
Кеңешме ишине ошондой эле ички иштер министри Мелис Турганбаев, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери катышты.
Жыйын ишин ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Коопсуз шаар” долбоорун тез арада ишке ашырууга кызыкдар.
“Долбоордун ишке ашырылышы ачык-айкын болуп, ар-кандай коррупциялык көрүнүштөр четке кагылышы тийиш», — деп белгиледи ал.
Андан соң иштиктүү топ мүчөлөрү алдында ички иштер министри Мелис Турганбаев чыгып сөз сүйлөп, тендер өткөрүүдөгү орун алган мыйзам бузуулар боюнча өзүнүн кооптонуусун билдирди.
Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талдоо сунушталып, Экономика министрлигинин статс-катчысы Асел Курманова тендерди ишке ашыруунун бардык баскычтары “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзам ченемдерине ылайык ишке ашырылгандыгын жана тендердин жыйынтыгына таасир берүүчү кандайдыр-бир эреже бузууларга жол берилбегендигин билдирди.
Кеңешме жыйынтыгы боюнча Ички иштер министрлигине “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен тендерди жеңип алган компания менен түзүлүүчү келишим ченемдерин толуктап иштеп чыгууга багытталган ишти улантуу тапшырмасы берилди.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине бир күндүк мөөнөттө Өкмөт Аппаратына тендерди жеңип алган компания менен түзүлүүчү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө келишим долбоорунун ченемдеринин талдоосун сунуштоо жана аны толуктап иштеп чыгуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.
Ошондой эле ИИМ министри тарабынан өткөрүлгөн тендердин жүрүшүндө орун алышы ыктымал эсептелген мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүсүн текшерүү максатында КР вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев тарабынан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга өткөрүлгөн тендердин жүрүшүн талдоо жана жыйынтыгын баалоо үчүн иштиктүү топ түзүү тапшырылды.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр кеңешме катышуучуларын “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
«Коопсуз шаар” долбоору үзгүлтүккө учуратылса, же кызматтык жактар тарабынан өз милдеттерин так аткарбай жаткан фактылар аныкталган учурда күнөөкөр жактар жоопкерчиликке, тийиштүү учурда кылмыш жоопкерчилигине дейре тартылат»», — деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү