09

Декабрь

2014

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: «Пара алуу жана аны опузалап өндүрүүсү ачыкталган кызматкерлер милиция катарынан калыбына келтирүү укугусуз бошотулушу керек»

Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын иши боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов жана ЖКК начальниги Сергей Дьяченко катышты.

Жыйынды ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, кыш мезгили башталгандан тарта жарандардан ЖКК постторунун жана негизсиз текшерүүлөрдүн саны көбөйгөндүгү тууралуу арыздар түшө баштаган.

“Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана ЖКК тутумун тартипке келтирүү зарыл. Пара алуу жана аны опузалап өндүрүүсү ачыкталган кызматкерлер милиция катарынан калыбына келтирүү укугусуз бошотулушу керек”, - деп белгиледи Абдырахман Маматалиев.

Өз кезегинде КР ИИМ ЖКК начальниги Сергей Дьяченко вице-премьер-министрге автотранспорттун кыймылын гана эмес, жалпысынан шаардагы мыйзамдуулук жана укук тартибинин сакталышын көзөмөлдөгөн мобилдик топтор түзүлгөндүгүн маалымдады.

«Жарандар мобилдик топ кызматкерлерин ЖКК кызматкерлери катары кабылдашы мүмкүн. Бирок мобилдик топтор, ириде кылмыштардын алдын алууга, изи сууй электе кылмыштарды ачууга жана өзгөчө кырдаал абалында ыкчам көмөк көрсөтүүгө багытталган», — деди Сергей Дьяченко.

Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө Өкмөт токтому талкууланды, ага ылайык, Жол-кайгуул кызматы Мамлекеттик автоинспекция болуп кайрадан түзүлөт, анын кызматкерлери милдеттүү түрдө жогорку юридикалык билимге, же тармактык жогорку техникалык билимге ээ болушу талап кылынат.

«ЖКК кызматкерлери тийиштүү жогорку билимге ээ болушу керек. Бул укук коргоо органдарына кызматка алууда милдеттүү шарттардын бири болуусу кажет. Тутумда кокустан келген адамдар болбошу керек» - деди вице-премьер-министр.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча жолдордо түзүлгөн абалды көзөмөлгө алуу, негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу, ошондой эле нормативдик ишмердүүлүктү күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү