25
Май
Абдырахман Маматалиев: «Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган бардык жарандарга тийиштүү көмөк көрсөтүлөт»
Бул туурасында Абдырахман Маматалиев 23нөн 24-майга караган түнү жер көчкү орун алган Жалал-Абад облусунун Сузак районунда билдирди.
Белгилесек, кечээ вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.
Сапардын жүрүшүндө ал кырсык болуп өткөн аймак менен таанышып, медициналык мекемеге келип түшкөн жарандар менен жолугуп, мобилдик жатаканаларды берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
“Жеке өзүмдүн жана Кыргызы Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Өкмөт тийиштүү көмөктү көрсөтөт. Учурда биринчи кезектеги чаралар кабыл алынып, ыкчам штаб түзүлгөн, жакын арада гуманитардык жардам алынып келинет, турак-жайдан ажыраган жарандарды убактылуу жайгаштыруу боюнча иштер уюштурулган», — деди Абдырахман Маматалиев.
Ошондой эле вице-премьер-министр белгилегендей, ӨКМ, жергиликтүү башкаруу органдары бул ишти тез арада уюштуруусу зарыл. Транспорттук, социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө, ошондой эле турак-жай курууга канча каражат көлөмү керектелээрин аныктоо зарыл.
Соңунда вице-премьер-министр маалымдагандай, ыкчам штаб тарабынан Өкмөттүн резервдик фондунан каза болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркагандарга Өкмөттүн резервдик фондунан бир жолку берилүүчү материалдык жардам бөлүү сунушу киргизилген.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү