20

Ноябрь

2014

Абдырахман Маматалиев: «Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө ийгиликтүү каршы туруунун негизи дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен иш-аракетинде турат»

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы астында Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин экинчи жыйынын болуп өттү.

Иш-чарага Координациялык комитеттин мүчөлөрү, маморган кызматкерлери, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипмиссия жетекчилери, эл аралык уюм жана баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча шерик мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле ЖМК жана жарандык коом мүчөлөрү катышты.

Жыйынды ачууда вице-премьер-министр белгилегендей, «Координациялык комитеттин түзүлүшү Кыргыз Республикасы баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш багытындагы жүргүзүп жаткан ырааттуу кадамдардын бири болуп саналат».

“Координацияланган чаралар аркылуу гана түзүлгөн жөнөкөй эмес кырдаалды оңдоого жана Кыргызстан элине баңгизаттын жана ага байланыштуу жагымсыз социалдык көрүнүштөрсүз жашоого мүмкүндүк берет», — деди Абдырахман Маматалиев.

“Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүнүн саркындылары – биздин жалпы көйгөйүбүз жана ага карата өзгөчө көңүл буруубуз керек. Эч ким бул маселени чечүүдөн четте калбашы керек. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө ийгиликтүү каршы туруунун негизи дүйнөлүк коомчулуктун биргелешкен иш-аракетинде турат», — деп белгиледи вице-премьер-министр.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга карата Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу алкагында үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизатка каршы программасы кабыл алынган. Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планына кол коюу пландаштырылууда.

“Көрсөтүлгөн документтердин негизги максаты баңгизат фронтунда чечкиндүү күрөш жарыялоо жана республика аймагындагы баңгизатка байланыштуу абалды жөнгө келтирүү болуп саналат», — деди Абдырахман Маматалиев.

Белгилүү болгондой, дүйнөлүк коомчулук Кыргыз Республикасына баңгизатка каршы күрөш жаатында ар дайым колдоо көрсөтүп келет.

Россия Федерациясынын, Европа биримдиги өлкөлөрүнүн, АКШ, Япониянын, Казакстандын Өкмөтү, эл аралык уюмдар жана башка шериктер баңгизатка байланыштуу абалды жакшыртуу максатында финансылык жана материалдык-техникалык көмөк көрсөтүүдө.

“Бүгүнкү күндө биз ортодо түзүлгөн келишимдердин натыйжасын иш жүзүндө көрүп жатабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Координациялык комитет мындан ары карай дагы эл аралык донорлор менен түзүлгөн өз-ара кызматташууну чыңдоого багыт алууда», — деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Жыйынтыгында Абдырахман Маматалиев БУУ баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык офисине Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин экинчи жыйынын өткөрүп берүүгө карата көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызмат өкүлдөрүнүн маалыматын угушту жана Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү жаатындагы абалды талкуулашты.

Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин экинчи жыйынынын натыйжасында төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баңгизатка каршы күрөш программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чараларды кабыл алуу;

- Мамлекеттик комитет курамына кирген жетекчилердин көңүлүн маморгнадардагы Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштарды аныктоо, ачуу жана иликтөө боюнча жетишсиз деңгээлде иш алып барылып жаткандыгын буруу;

-Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу жаатындагы ведомство аралык аракеттешүү механизмдерин жакшыртуу максатында ведомство аралык иштиктүү топту түзүү, ал 2015-жылдын 1-январына дейре Комитет катчылыгына “Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы турган органдардын атайы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү тартибин регламенттештирген көрсөтмөнү бекитүү жөнүндө” биргелешкен буйрук-долбоорун иштеп чыгып, киргизүүсү;

- «МАК» операциясын жүргүзүү натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ведомство аралык иштиктүү топ түзүү жана 2015-жылдын 1-мартына дейре көрсөтүлгөн операциянын жыйынтыгынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизүүсү;

-курамында баңгизат бар жапайы өсүмдүктөр өсүүчү жайларды, аларды мыйзамсыз өстүрүлгөн жерлерди аныктоо максатында аймактардагы Комитет өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине 2015-жылдын 1-мартына дейре жапайы кара куурай өскөн аймактарды картага түшүрүү жана ички иштер органдары менен биргеликте ал өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча атайы бригадаларды түзүүсү.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду көзөмөлдөө боюнча Мамлекеттик координациялык комитет түзүлгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү