06
Июль
2018
Адаев Нурлан «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары Адаев Нурлан берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү