01
Июнь
2018
Адилбек уулу Шумкарбек КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Адилбек уулу Шумкарбек Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору болуп дайындалды.
Ошол эле учурда Адилбек уулу Шумкарбек буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү