21

Декабрь

2018

Административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу боюнча жумушчу топтун отуруму өттү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган.

Кубатбек Бороновдун айтымында, буга чейин тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн реформалоону этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгуу тапшырылган. Жол картасын иштеп чыгууда эксперттик топ да иштеген.

«Жумушчу топ 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө өлкө Президентинин жогорудагы Жарлыгынан келип чыккан тиешелүү документтердин долбоорлорун киргизүүгө тийиш», - деп эскертти биринчи вице-премьер-министр.

Жол картасы алкагында мамлекеттик программаларды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программаларын айкалыштыруу үчүн шарттар даярдалат (методика жана тестирлөө), жарандардын сурамаларына жана башка иш-чараларга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө тутумдары реформаланат.

Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев маалымдагандай, учурда Жол картасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук долбоору иштелип чыккан. Тиркелген долбоордо административдик-аймактык реформаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча аракеттердин 3 баскычы аныкталган.

Биринчи вице-премьер-министр мамлекеттик органдардын жана административдик ведомстволордун бардык жетекчилери жумушчу топтун сурамасы боюнча ыкчам тартипте тийиштүү маалыматты бериши жана ага колдон келген көмөктү көрсөтүшү тийиш экендигине басым жасады.

«Сиздердин ар-бириңиздер активдүүлүк көрсөтүп, Президенттин Жарлыгын аткаруу алкагында Өкмөттүн алдына коюлган бардык милдеттер өз мөөнөтүндө аткарылышы үчүн күч-аракетиңиздерди жумшооңуздар керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

[su_carousel source="media: 127242,127243,127244,127245,127246" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү