10

Февраль

2020

Ага Хан өнүктүрүү уюму менен кызматташтык улантылат

10-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, Борбордук Азия университетинин Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Шамш Кассим Лакха мырзаны, ошондой эле, Борбордук Азия университетинин ректору, доктор, профессор С. Сохаил Х. Накви жана Тоолуу университеттердин программасы долбоорунун координатору Алиёр Мародасейнов мырзаларды кабыл алып, алдыдагы кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Меймандарды жылуу кабыл алган ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов буга чейинки тыгыз кызматташуу бир катар ийгиликтерге жол ачканын белгиледи. Ошондой эле облуста жыл жыйынтыгы чыгарылып, алдыга пландар белгиленгенин, ошол мерчемделген иш багыттарында негизги өнөктөшүбүз болгон Ага Хан Өнүктүрүү уюму менен кызматташуу планы да киргенин билдирди.

Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, Борбордук Азия университетинин Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Шамш Кассим Лакха мырза Нарын мамлекеттик университетине колдоо көрсөтүлүп, бүгүн илимий лаборатория жана чакан сүт цех ачылганына, Нарындагы канаттык-бугилдик жолдун реконструкциялоо иштерине жардам берилгенине кубанычта экендигин айтты. Ошондой эле “биргеликте иштелип жаткан Нарын шаарынын Башкы планы сапаттуу даярдалып бүтсө башка аймактарга да үлгү болот эле” деген тилегин билдирди. Муну менен катар Нарын шаардык мэриясы менен бирдикте ишке аша турган “Акылдуу шаар” долбоору боюнча пландалган иштерге кызыкты. Алдыга конкреттүү максаттарды белгилеп, иштин ар бир тепкичин пландар менен бекитип алып бирге иштегенде гана ийгиликке жетүүгө болоорун белгиледи.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов облуста айыл чарба багытындагы чакан ишканаларды ачууга жана аларды сырьё менен камсыз кылуу үчүн сүт, эт багытындагы асыл тукум малдын башын өстүрүүгө көңүл бурулуп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле облустун экономикалык, инвестициялык климатына алдын ала божомол жасап, анализ жүргүзө турган, эл аралык уюмдар менен иштешип долбоорлорду тарта турган атайын борбор зарылдыгын, ушул боюнча Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын көмөгү керектигин айтты.

Ал эми жолугушууга катышкан Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров “Акылдуу шаар” долбоору боюнча жумушчу топ түзүлүп, жакында биргелешип иш башталаарын, анын алкагында мамлекет тарабынан акылдуу эсептегичтер, суу өлчөгүчтөр жана жол кыймылын көзөмөлдөөчү видеокамералар коюлаарын маалымдады. Ошондой эле өнөктөштөр тарабынан “Таза Нарын” ишканасынын ишин автоматташтыруу жана муниципалдык менчик ишканасынын ишмердүүлүгүн санариптик системага өткөрүү маселесинде колдоо болсо деген пикирип жолдоду.

Шамш Кассим Лакха мырза бул сунуштар боюнча кандай жардам болоору тууралуу кеңешип көрүшөөрүн айтып, бир-эки жумадан кийин Бишкек шаарында жолугушуп, бул маселелерди дагы талкууласак деген оюн билдирди.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.