20

Апрель

2020

Ага Хан өнүктүрүү уюмунан жана Кызыл-Суу автономдук облусунан колдоо

Саламаттыкты сактоо мекемелерин жана дарыгерлерди зарыл болгон каражаттар менен камсыздоо жана запасын камдап коюу учурдун кечиктирилгис талаптарынын бири.

Бул багытта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Ага Хан өнүктүрүү уюму баштаган эл аралык уюмдарга жана башка мамлекеттердеги биз менен достук алакасы бар шаар, аймактардын жетекчилерине кат жолдоп, медициналык аппараттардан жана коргонуучу каражаттардан колдоо сураган.

Бүл өтүнүч эске алынып, Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн жана Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунан дарыгерлер үчүн коргонуучу каражаттардын топтому жиберилди.

Тактап айтканда, Ага Хан өнүктүрүү уюмунан 300 даана бир жолу колдонулуучу комбинезон, 100 даана көп жолу колдонулуучу комбинезон, 100 даана коргонуучу көз айнек, 600 даана респиратор, 1000 даана бахила, жалпы 880 миң сомдук коргонуучу каражаттар келди.

Ал эми Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунан 30 миң даана беткап, 500 даана бир жолу колдонуучу кийимдер берилди.

Өнөктөштөрдүн жана кытайлык боордоштордун жардамы менен келген каражаттар бүгүн дарыгерлерге даректүү жеткирилди.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов кыйын күндөрдө колдоо көрсөткөн Шамш Кассим Лакха баштаган Ага Хан өнүктүрүү уюмунун жамаатына жана Кызыл-Суу автономдук облусунун жетекчилигине теңиртоолуктардын атынан терең ыраазычылык билдирди.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.