10

Июнь

2020

Аида Исмаилова БУУ ДАП өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова БУУ Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) өлкөлүк директору Андреа Баньоли менен жолугушту.


Мындан мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ ДАП 2018-2022-жылга Кыргыз Республикасында БУУ ДАП Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашыруу үчүн өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койгон.


Беш жылдык пландын негизги багыттары катары төмөнкүлөр саналат:


- 2022-жылга карата мектептик тамактанууну жакшыртуу жана бардык мектептерди ысык тамак менен камсыздоо (учурда мектептердин 60% жакыны программа менен камтылган). БУУ ДАП мектеп ашканаларын жабдууга жана кызматкерлерди даярдоого көмөк көрсөтөт;

- калктын аяр катмары арасында азык-түлүк коопсуздугу боюнча абалды жакшыртуу;  

- азык-түлүк коопсуздугун талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аналитикалык иш;

- климаттын өзгөрүүсүнө калыптануу жана жаратылыш кырсыктары тобокелдигин кыскартуу.


БУУ ДАП Жашыл климаттык фонддон каржылоо алган Кыргыз Республикасындагы алгачкы уюм болуп саналат.


Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ ДАП тарабынан калктын социалдык жактан аяр катмарына көрсөтүлүп жаткан колдоону белгилеп, өнөктөштөргө Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарга жетишүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.