25
Апрель
Ак-Талаада коронавирусту алдын алуу иштерин күчөтүү белгиленди
25-апрелде облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Ак-Талаа районунда коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынына катышты.
Жыйында илдетти ооздуктоо аракеттери, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу, аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү сыяктуу жана башка маселелер талкууланып, бир катар милдеттер белгиленди.
Ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов райондогу талаачылык жумуштарын убагында бүтүрүү, көчүү-конуу маселесин жөнгө салуу, посттордогу көзөмөлдү күчөтүү, үй карантининдеги жарандардын ден соолугун көзөмөлдөп туруу, дарыгерлердин коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле штабдын мүчөлөрүнөн эл үчүн мындан ары да так, таза иштеп берүүлөрүн өтүнүп, мындай оор күндөрдөгү эмгек жерде калбай тургандыгын белгиледи.
Райондук штабдын отурумунда дарыгерлер үчүн коргонуучу кийимдердин жетишсиздиги, Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндөгү куткаруучу автоунаага штаттык бирдик чечип берүү зарылдыгы облус жетекчисине билдирилди. Ошондой эле Дан-Азык ишканасы тарабынан өндүрүлгөн мамлекеттин материалдык резервиндеги 2-сорт ундарды (бир кап ундун баасы 900 сом) райондун элине тартып келип сатыкка чыгарууга уруксат сурап берүү жагын өтүнүштү.
Ыйгарым укуктуу өкүл бул маселелердин үстүнөн иш алып бараарын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.