25
Апрель
Ак-Талаада жазгы талаа иштери кызуу уланууда
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов бүгүн Ак-Талаа районун кыдырып, жазгы талаа иштеринин абалы менен таанышты.
Иш ыргагы жүрүп жаткан айдоо аянттарында болуп, дыйкандар менен жолукту. Үгүт айылындагы Нарын суусуна курулган дамбанын, Байгөнчөк айылынын Кескен-Бел аймагындагы айыл өкмөтүнүн жана айыл элинин аракети менен 230 миң сом каражатка калыбына келтирилип, 110 гектар аянтка суу берген БСРинин абалын көрдү.
Мындан сырткары райондогу асыл тукум мал өстүргөн Бекчоро Кожомуратовдун чарбасына күбө болуп, тектүү үрөн өндүргөн дыйкан Эсенгулов Бакытбек менен баарлашып, мындай чарбалардын ишин жайылтуу керектигин белгиледи.
Иш сапарынын жүрүшүндө Баетов айылындагы Асфальт-бетон заводунда болуп, учурда курулуш материалы үчүн таш майдалап иштеп жаткан ишкананын иши менен таанышты.
Ак-Талаа районуна быйылкы жылы 4165 гектар жер айдалаары пландалса, бүгүнкү күнгө чейин 745 гектар жер айдалып, себилген. Анын ичинен 290 гектар аянтка буудай, 455 гектарга арпа эгилген. Быйыл Ак-Талаа районунда дагы буудай аянттары кеңейтилүүдө.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.