17
Май
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
«2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүү улуттук стратегиясында жарандык коомду өнүктүрүүгө көңүл бурулган», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарында эксперттердин, илим-билим берүү чөйрөсүнүн, жеке жана мамлекеттик сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн «Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» регионалдык конференциясында.
Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкө Өкмөтүнүн жарандык сектор менен өз ара аракеттешүүсүнүн негизги аспектилерине токтолуп, тигил же бул чечимдерди кабыл алуу, жарандык коом уюмдарын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү катары тартуу механизмдерин киргизүү, мамлекеттик социалдык буйрутманы колдонуу тажрыйбасын кеңейтүү процесстерине жарандык коомдун таасирин белгилеп өттү.
«Мамлекет өнөктөштүктүн негизинде өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн жарандык коомдун потенциалын максималдуу пайдаланат жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу аркылуу жарандык коомду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзөт. Калктын жашоо шартын жогорулатуу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууда жарандык коомду кеңири тартуу, коомго талаптагыдай кызмат көрсөтүүгө багытталган жарандардын демилгелерин колдоо, мамлекеттик социалдык буйрутма механизми аркылуу коомдук пайдалуу идеяларды жана долбоорлорду илгерилетүү максатында мамлекет, бизнес жана жарандык коомдун биргелешкен аракеттери үчүн шарттарды түзөт» - деди ал.
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баса көрсөткөндөй, жарандардын мамлекет менен оңдуу өз ара аракеттешүү процесси мамлекеттин легитимдүүлүгүн жогорулатат, жарандарды тартуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртып, мамлекеттик финансыларды башкарууну өркүндөтөт жана ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана социалдык интеграцияны камсыздайт.
«Жарандык коом – Өнүгүүнүн жаңы жолдору» конференциясынын ишине Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, АКШ, Бразилия, Бельгия Королдугунун, Россия Федерациясынын, Украина жана Армениянын делегаттары катышышты.
Регионалдык конференцияны Борбор Азия университетинде түзүлгөн «Жарандык коом демилгелери» программасы уюштурган.
[su_carousel source="media: 132998,132999" limit="23" link="image" title="no"]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү