05
Июль
Акциялардын контролдук пакети бар мамишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунуштаган “Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун карап чыгышты.
Отурумдун жүрүшүндө “Токтоп турган мамлекеттик ишканаларды ликвидациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору протоколдук тапшырмаларга карабастан даяр эместиги белгиленди.
“Бул чечимдин долбоору тез арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына макулдашууга киргизилиши керек. Ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун алдындагы мамлекеттик ишканалардын уставына шайкеш келтирилиши зарыл. Мындан сырткары, алардын жетекчилерин дайындоо маселелери актуалдуу болуп калууда. Эске салсам, бул маселе Премьр-министрдин көзөмөлүндө турат. Бүгүн көтөрүлгөн маселелер ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашырууда мамлекеттик органдардын иши жай жана начар экендигин көрсөтүп турат”, - деди Замирбек Аскаров.
Эске салсак, комиссиянын максаты – мамлекеттик ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды комплекстүү талдоо.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү