30
Апрель
Акыркы жумада Ош облусунда 230 миң адам медициналык кароодон өттү

Ош облусунун аймагында 2020-жылдын 1-майынан өзгөчө абал алынды.
2020- жылдын 25-мартынан баштап облустун аймагына 27 эл аралык рейстер менен 657 жаран , автоунаалар менен 1600 жаран келди. Ар бири текшерилип, мед кароодон өткөрүлүп, зарылдыкка жараша обсервацияга жаткырылган. Ош облусунда жалпысы болуп 167 жарандан COVID-19 илдети тастыкталды. Алар менен байланышта болгон 801 адам обсервацияга алынып,15 миңдей тургундар үй карантининде болду . Алардан 6161 ПЦР, 11 миңдей экспресс тест алынып, бүгүнкү күндө 138 бейтап айыгып, 42 адам обсервацияда, ал эми үй карантининен 13миндей киши чыгарылып, 2000 дей гана адам калды. 4 адам кайтыш болгондор.
Жалпысы облус аймагында 205 дарыгерлерлерден турган 64 мобилдик топ 43 айылдан 250 миңден ашуун жаранды кароодон өткөрүштү.
Учурда облус боюнча COVID-19 илдетин жуктурган 25 гана адам дарыланууда.
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы