21

Январь

2021

Ала-Бука районунда 12 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Райондун "Водохранилище-Шекафтар-Пап" жолунун 12 чакырым аралыгына асфальт төшөлөт. Учурда  жол тегиздөө иштери жүрүп, ага 18 атайын техника тартылган. 

Жумуш аткарууну "Амантур-Сервис Строй" ЖЧКсы тендер аркылуу утуп, анын жалпы баасы 124 миллион сом деп бааланган. Сарпталуучу каражат райондун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. 

Асфальттоо иштери бүткөрүлсө Ала-Бука районун 1-Май, Көк-Таш, Көк-Серек жана Чаткал районунун Сумсар айылдарынын 30 миңден ашуун калкынын райондун борборуна баруучу каттамы жеңилдейт.