23

Ноябрь

2019

Алай районунда бир күндө 4 социалдык-инфраструктуралык объект ачылды

Алай районунда 23-ноябрь күнү 4 социалдык-инфраструктуралык объект ачылып, "Аймактарды өнүктүрүү" программасынын алкагындагы маанилүү иш-чаралардан болуп калды. Ага Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышты.

1. Таргалак айылына 5600 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып 8 даана колонка коюлуп жана ар бир үйгө суу киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. 

Алай айыл өкмөтүндө жалпы 2252 кожолук, 9300 калк жашайт, аймакта 7 айыл бар. 5 айылда таза суу менен камсыз болунуп 2 айылда таза суу менен камсыз болгон эмес болчу. Таргалак айылында 101 кожолук 405 калк жашайт. Таргалак айылы деңиз деңгээлинен 2260 метр бийиктикте жайгашып, айыл өкмөтүнүн борбору Сопу-Коргон айылынан 8 км аралыкта жайгашкан. 2018-жылы таза суу үчүн долбоор жазылып, бул доолборго сунуш Ош облустук УКС ишканасы тарабынан берилип, Республикалык бюджеттен каржыланды.

2019-жылдын июль айында "Компания Рамзан" ЖЧКсы ишканасы тарабынан Таргалак айылына 5600 метр аралыкка таза суу түтүгү тартылып 8 даана колонка коюлуп жана ар бир үйгө суу киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бүгүнкү күндө Таргалак айылы таза суу менен толук камсыз кылынды. Бул таза суунун курулушу үчүн Республикалык бюджеттен 5 млн 500 миң сом каражат жумшалды.

2. Сопу-Коргон айылында үстү жабык тибиндеги футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди 

760 кожолук 3068 калк жашаган Сопу-Коргон айылында спорт аянтчасы жок болгондуктан, жаштарды спортко тартуу максатында  Сопу-Коргон айылына  2019-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабык типтеги футбол  аянчасы куруу үчүн каражат каралып  4 млн 113  миң сомдук заманбап,  үстү жабык тибиндеги футбол   аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди 

Бул курулуш үчүн тендер өткөрүлүп “Монолит Строй” ЖЧКсы ишканасы утуп  жергиликтүү  бюджетттин эсебинен каржыланып курулушу толук бүткөрүлдү. Футбол аянтчасынын жалпы аянты 924 м2 жана 36 адамга ылайыкташтырылган. Курулуш заманбап баардык талапка жооп берет жана аймактагы баардык жашоочулардын спорт менен машыгуусуна шарт түзүлдү

3. Жерге тал-айылында жаңы бала бакча колдонууга берилди. 

Жерге-Тал айылында 153 кожолук 661 калк жашайт.  Жерге-Тал айылы деңиз деңгээлинен 2260 метр бийиктикте жайгашып, айыл өкмөтүнүн борбору Сопу-Коргон айылынан 10 км аралыкта жайгашкан. Буга чейин айылда бала бакча жок болгондуктан 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат каралып мурунку мезгилде жеке менчиктеги үй бала бакча болуп балдар тарбияланып келген. Жеке менчик бала бакчага балдарын берүүгө элдердин каражаты жетишбегендигине байланыштуу, үйдү элдин суроо талабы жеке менчиктеги үйдү 50 сотых жери менен келечекте заманбап бала бакча куруу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 500 миң сомго сатылып алынды. 

Бүгүнкү күндө тиешелүү документтери бүткөрүлүп  айыл өкмөтүнүн  муниципалдык менчигине өткөрүлүп тиешелүү инвентарлар менен камсыз кылынып ремонт иштери бүткөрүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен тамак аш, отун, суу, электр энергиялары үчүн каражат каржыланып 25-30 баланы тарбиялоого толук шарт түзүлдү.  Жалпы сарпталган каражат 1 млн 800 сомду түздү. 

4. Гүлчө айылында таза суу үзгүлтүксүз берилет 

Гүлчө айылында ичүүчү таза суу түтүкчөлөрү 1966-жылы курулуп, жалпы узундугу 51 км, анын ичинен бүгүнкү күндө 10 км оңдоого муктаж. 2 суу кампа жер титирөөнүн кесепетинен каптал жактарынан жарылып кетип, толугу менен суу толбой оңдоого муктаж болгондуктан, учурда калкка 2-4 сааттан гана таза суу берилип келген Калкты таза суу менен камсыздоодо 6 насос иштетилет, бирок алар бат-баттан бузулуп ондоо үчүн чон суммадагы акчалар талап кылынат жана электр энергияга да көп акча төлөнүп жатат.

«Рисала» коомдук фондунун жетекчиси Х.М.Мухамеддин демөөрчүлүгү менен Гүлчө айылынын калк жыш жайгашкан 3 жерге таза суу чыгаруу макулдашылган. Анын 2 обьектиге Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан № 5 бала бакчанын жанына жана Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан М.Адышев атындагы орто мектебинин короосуна таза суу киргизилүүдө.  Нооруз көчөсүнө таза суунун курулуш иштери 2020-жылдын жаз айларына пландалууда. 

Каржылаган уюм «Рисала» коомдук фонду.Каржыланган сумма ар бирине 1000,0 миң сомдон 2 жерге 2000,0 миң сом.

Гүлчө айылынын Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан № 5 бала бакчанын жанына жана Алымбек датка көчөсүндө жайгашкан М.Адышев атындагы орто мектебинин короосуна ар бирине диаметри 215мм, тереңдиги 70 метр чуңкур казылып, диаметри 168мм труба коюлду.

Таза суу тартып алууга ЭЦВ-6 насос коюлуп, 25 тонналык суу кампага 3 саатта суу толтуруп турат. Кышында суу тоңуп калбоосу үчүн суу кампа сыртынан жылууланып оролгон. №5 бала бакча, М.Адышев атындагы орто мектеби жана ошол айланадагы калк таза суу пайдаланат.

 КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы

Электрондук регион

Календарь