12
Май
2020
Алайда 6 обьектинин курулуш кызуу жүргүзүлүүдө
Алай районунда бир катар курулуштар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош облус башчысы менен болгон онлайн кеңешмеде райондун акими Замир Молдокулов билдирди. Маалыматка таянсак "Аймактарды өнүктүрүү жылынын" алкагында бир катар иштер жүргүзүлдү:
1. Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылында жергиликтүү бюджеттен жалпы суммасы 6 млн 883 миң сомду түзгөн 30 орундуу балдар бакчасынын курулушу жүрүп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 80 пайызга аткарылды.
2. Сары-Таш айыл аймагынын Нура айылындагы Ы.Мону атындагы орто мектебинин кошумча имаратына жергиликтүү бюджеттен 6 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилип, курулуш иштери жүрүүдө. 2020-жылдын 1-сентябрында ачуу пландалууда.
3. Корул айыл өкмөтүнүн 3 айылына АРИС тарабынан 69 млн 361 миң сомдук таза суу тартуу иштери жүрүүдө, учурда курулуш иштери пайызга аткарылды.
4. Сары-Могол айыл өкмөтүнүн Сары-Могол айылына кореялык жеке ишкер тарабынан 13 млн сомдук таза суу тартуу иштери жүрүүдө, учурда 12 млн сомдук суу түтүктөрүн орнотуу иштери бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө айыл ичиндеги суу колонкаларын орнотуу кызуу жүрүүдө.
5. Үч-Төбө айыл аймагынын 4 айылын таза суу менен камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен 76 млн 191 сом которулуп берилип, бүгүнкү күнгө карата Кызыл-Алай айылына таза суу түтүктөрүн тартуу иштери жүрүп жатат.
6. Ушул эле Үч-Төбө айыл аймагынын Кызыл-Алай айылында калкты суугат суу менен камсыз кылуу максатында БУУ Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каржылоосу менен 500 мерт казылып, шагылы, цементи алынып келинген, суу каналын куруу иштери жүрүүдө