09
Декабрь
Алайда мектепти он жыл мурда бүтүргөндөр жалгыз бой энеге үй салып беришти

Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э.Мырзаев атындагы орто мектепти 2010-жылы бүтүргөндөр 10 жылдык мааракени өткөрүүдөн баш тартып, анын ордуна айылдагы беш балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти.
Бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, үйдүн курулушун 8-декабрда бүтүрүп, ачкычын тапшырышкан. Бул демилге менен жаштар он жылдык мааракелердеги ысырапкорчулукту токтотууну максат кылышкан.
"10 жылдыкка барып, жөндөн жөн акча чачып жок кылыштын ордуна аз болсо да пайдабыз тийсин дедик. Ысырапкерчиликтин ордуна бирөөгө үй салып берип коёлу дедик. Анан башкалар да ушундай кайрымдуулук иштерин кылсын деген идея болду",- деди Кабылан-Көл айылынын тургуну Токторбек Адыл уулу.
Үйдүн курулушун бүтүрүүчүлөр өздөрү колго алышкан. Ага жалпысынан 500 миң сомдон ашык каражат сарпталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн
басма сөз кызматы