18

Июнь

2019

Алгынбай Имаров Баткен облусунун Кадамжай районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде Имаров Алгынбай Төралиевич Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү