12
Март
Алишер Абдрахманов менен Шухрат Ганиев жолукту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев бүгүн 12-мартта Баткен шаарында жолукту.
Шухрат Ганиев алгач Алишер Абдрахмановду жаңы кызмат орду менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу ишине ийгиликтерди каалап, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалышыныз, Сизге болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, аймактын элинин ишенимин билдирет. Сиздин мыкты, иш билги жетекчи экениңизден кабар берет, алдыда ар тараптуу кызматташабыз деген ишеничин билдирди.
Облус башчылары эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулап, эки элдин карым катнашын, облустар аралык социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, аймактардын коомдук коопсуздугун камсыздоо жаатында учурда иштелип жаткан, Баткен-Фергана облустарынын алдыдагы жылдарга иш чаралар планына кол коюу, бекитүүгө жетишүүнү макулдашышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов, өз сөзүндө биз үчүн кошуна мамлекеттер менен карым катнаш, кызматташтык өзгөчө мааниге ээ, ошондуктан буга чейин, Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча иш чаралар планын бекитүүгө жетиштик, алдыда Фергана облусу менен да бир пикир, бир максат менен, пландуу жумуштарды аткарабыз деген ниетин билдирди.
Облус башчылары менен кошо Баткен-Фергана облустарынын чек аралаш райондорунун башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолукту.