04
Июль
2018
Алмаз Сазбаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ЕАЭБдеги Атайы өкүлү болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык, Сазбаков Алмаз Замирбекович мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштери боюнча Атайы өкүлү болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү