29

Апрель

2018

Алмазбек Мусабеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Мусабеков Алмазбек Обосбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы кызматынан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү