11

Июнь

2019

Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды

Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү