05
Декабрь
Бул жөнүндө кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Муралиев 4-декабрда пресс-конференцияда айтты.
Сүйлөшүү учурунда Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолун куруу талкууланды деп билдирди А. Муралиев. Тараптар ушул жылдын аягына чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин бүтүрүү, ал эми келерки жылы темир жолду куруудагы каржылоонун механизмдерин сүйлөшүүнү баштоо зарылчылыгын айтышты.
“Ошондой эле кытай инвестициясы менен машина-трактор заводун куруу вариантын кароочу жумушчу топту түзүү боюнча чечим кабыл алынды”, -деди А. Муралиев.
Ошондой эле А.Муралиев бүгүнкү кол коюлган документер тууралуу токтолуп, «Ош-Баткен-Исфана» жана «Бишкек-Балыкчы» автоунаа жолдорун оңдоо долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик келишимге ылайык 136 млн. АКШ дол. бөлүнүп берилээрин билдирди.
КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен КЭР Жер ресурстары министирлигинин ортосундагы геология жана пайдалуу кен тармактар жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү Меморандумуна кол коюлушу геология жана тоо-кен тармагында маалымат алмашууну камтыйт. Эгерде кытайлык инвесторлор каалашса так маалыматты Мамгеологиядан ала алышат.
Мындан тышкары Кытай менен Кыргызстан газ түтүгүн куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантмакчы болушту. Түркмөнстан менен Кытайды байланыштыруучу газ түтүгү Кыргызстандын территориясы аркалуу өтүшүнө кыргыз тарап кызыкдар.
Ошондой эле Кыргызстандан Кытайга кургак сүттү экспорттоо талкууланды. Жакынкы аралыкта ата-мекендик кургак сүттүн сапатын КЭРдин техникалык регламентине тиешелүүлүгү текшерилет. Эгерде регламентке ылайык келсе жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн Кытайга жол ачылат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү