21

Июнь

2018

Амангельды Мурзалиев саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду

Мурзалиев Амангельды  Джолдошбекович Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  кол койду. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү