26

Ноябрь

2014

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айына пландаштырылган министрлик жана ведомстволордун “Министр байланышта” акциясына катышуусу боюнча алдын-ала маалымат

“Ачык Өкмөт” программасынын алкагында “Министр байланышта” акциясынын экинчи баскычы үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында старт алган. “Министр байланышта” акциясына жалпысынан (биринчи жана экинчи этап) 30 министрлик жана ведомство катышкан. Аталган акция үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында жыйынтыкталат.

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду -1-декабрда;

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду – 2-декабрда;

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту – 4-декабрда;

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети — 8-декабрда;

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы – 11-декабрда;

КР Юстиция министрлиги – 12-декабрда;

КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы – 15-декабрда;

КР Өкмөтүнө караштуу Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамкызмат — 18-декабрда;

Ал эми 22-декабрда КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы “Министр байланышта” акциясын жыйынтыктамакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү