04

Май

2019

Ар бир өсүү чекити-шаарынын мэри аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык план иштеп чыгууга тийиш

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында облустарды жана өсүү чекити болгон 20 шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу мааниге ээ маселелер каралды.

«Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Региондук саясатынын концепциясы ишке ашырылууда. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда ишкерликти өнүктүрүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Каралган иш-чаралардан тышкары, шаарларды өнүктүрүүнүн бекитилген программаларын сапаттуу ишке ашырууну шарттаган кошумча чараларды көрүү зарыл», - деп белгиледи ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити-пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө тармактык иш-чаралардын, тактап айтканда, жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды.

«Аймактык экономикага таасир бере турган инфраструктуралык мүнөздөгү жана бизнес-долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деп баса белгиледи ал.

Кеңешмеде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өсүү чекити-шаарларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи.

Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, өсүү чекити-шаарларын активдүү өнүктүрүүгө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.

[su_carousel source="media: 132575,132574,132576" limit="23" link="image" title="no"]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү