20

Февраль

2020

Ардагерлерге куттук

Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Нарын облусунун аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкуловдун майрамдык куттуктоолору жолдонууда.

 20-февралда ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов ардагерлер: Нарын шаарынын тургуну Токтомушев Тукеш атаны жана Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну Усубалиев Асек атаны куттуктады.

Карыяларыбыз 90 жаштан кыйла ашканына карабай тунук акыл-эси, нарктуу кеп-сөзү менен мекенчилдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөтүп келишет.

Облус жетекчисинин куттугун жылуу кабыл алган аталарыбыз ак батасын берип узатышты.

Ооруканада дарыланып жаткан Усубалиев Асек ата буюрса Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москвада өтүүчү майрамдык иш чарага катышып келүүгө ниеттенип жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 12 ардагери бар.

Ардагерлерибизге ден соолук каалоо менен балдарынын чайын ичип, эли-журтунун кашында аман-эсен болушсун демекчибиз.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.