22

Август

2016

Архитектура, курулуш жана турак- жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Чыңгыз Кубатбековго катуу сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта буйрукка кол койду. Ага ылайык Эмгек жана аткаруучулук тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак- жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Кубатбеков Чыңгыз Курманбековичке катуу сөгүш берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү