08

Июнь

2019

Асылбек Сатывалдиев Сокулук районунун акими болуп дайындалды

Сатывалдиев Асылбек Владимирович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Сокулук районунун жаңы акимин райондук администрациянын жамаатына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү