25
Июль
2018
Асылкан Раманкулова Сузак районунун акиминин орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары Асылкан Раманкулова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү