20
Апрель
Атамекендик инвесторлор жасап жаткан иштер өлкөнүн инвестиция салууга туруктуу жана жагымдуу образын түзүүдө маанилүү роль ойнойт - вице-премьер-министр Замирбек Аскаров
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги коштогон долбоорлор менен таанышуу максатындагы жумуш сапарынын алкагында эл аралык класстагы «Аккор Групп» – «Новотель» компаниясынын беш жылдыздуу отелине барып кайтты.
«Интегра Хотел Инвестмент» ЖЧКсынын түзүүчүсү Жоодар Сайдилканов вице-премьер-министрди жана башка мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерин ишке ашырылып жаткан долбоор менен тааныштырды. Компаниянын маалыматы боюнча «Новотель» 160 бөлмөлүү болот. Отель толук кандуу иштеп баштаганда Бишкек шаарынын калкы үчүн 180 жумуш орду түзүлөт жана өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга багытталмакчы.
«Туризм тармагы улуттук экономиканын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Дүйнөлүк белгилүү бренддин өлкөнүн туристтик рыногуна кирүүсү республиканын туризм чөйрөсүндөгү инвестициялык жагымдуулугунун деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт, ошондой эле дүйнөлүк масштабдагы инвесторлорду тартуу үчүн мультипликативдик натыйжа берет. «Новотель» отелинин ачылышы сөзсүз түрдө туристтик тармактын өнүгүшүнө өз салымын кошот», - деп белгиледи вице-премьер-министр.
Замирбек Аскаров ошондой эле белгилегендей, атамекендик инвесторлор тарабынан жасалып жаткан иштер инвестицияларды тартуу үчүн өлкөнүн туруктуу жана жагымдуу образын түзүүдө өзгөчө маанилүү роль ойнойт.
«Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан Батист Лемуандын бүгүнкү сапары Франциянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн бул долбоорду ишке ашырууга ишенимин жана колдоосун айтып турат»,- деп кошумчалады Замирбек Аскаров.
Ошондой эле вице-премьер-министр тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине «Новотель» мейманканасын тез арада ачууга байланыштуу маселелерди чечүүнү тездетүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 132113,132114" limit="66" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү