26
Май
2018
Айбек Кожошев Тогуз-Торо районунун акими болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Айбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.
Ошол эле учурда Айбек Кожошев мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү