19
Октябрь
Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлдү
Айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду жана программаларды тандоо боюнча Сынак комиссиясы түзүлдү. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим 2019-жылдын 7-августунда «Centerra Gold Inc.» компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кол койгон Стратегиялык макулдашуу боюнча Стратегиялык келишим жана Бир тараптуу милдеттемелерге ылайык, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунан айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлор жана программаларды каржылоо үчүн түшө турган каражаттарды натыйжалуу колдонуу максатында кабыл алынды.
Мындан тышкары кирешенин булагы ыктыярдуу түрдө жана жеке, юридикалык жактардын кайрымдуулугу, ошондой эле мыйзам тараптан тыюу салынбаган аракеттер болушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, Стратегиялык макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» түзүлгөн, бул айлана-чөйрөнү коргоо жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлыктарын сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу милдетин аткарат.
Сынак комиссиясы Долбоорлорду жана программаларды тандоо жөнүндө бекитилген жобонун негизинде экологияны жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш байлактарын сактоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууну жайылтуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу боюнча долбоорлор жана программаларды карайт.