22

Февраль

2019

Айрым министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамадминистрациялардын жетекчилерине сөгүш жарыяланды

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле мамлекеттик администрацияларынын айрым жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 25 жана 26-пункттарына ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн:

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовго

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага

- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин директору Адилбеку уулу Шумкарбекке

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбековага

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевге

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Рахат Исаковага

- Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Ниязбек Козуевге

- Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы-акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго сөгүш жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү