24
Апрель
Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2020-жылдын 25-26-апрели иш күн
Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2020-жылдын 25-26-апрели иш күн. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды.
Учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн тийиштүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат.
Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.
Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 25 жана 26-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.