08
Февраль
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана айыл чарба продукциясын сатуу маселеси боюнча казак компаниясы ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду
«Prime Capital Retail and Management» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуу максатында кыргыз тараптын атамекендик айыл чарба продукциясын Казакстан Республикасынын рыногуна экспорттоого кызыкдарлыгын билдирди.
«Биз тараптан аталган Меморандум алкагындагы максаттарды жана шарттарды ишке ашырууга колдон келген көмөк көрсөтүлөт. Атап айтканда, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги өз компетенциясы боюнча тийиштүү колдоо көрсөтүп, ошондой эле Казакстан рыногуна кыргыз айыл чарба продукциясын, анын ичинде картошканы экспорттоо максатында атамекендик ишкерлер менен жолугушууларды уюштурат», - деди Кубатбек Боронов.
Өз тарабынан «Prime Capital Retail and Management» компаниясынын өкүлдөрү белгилешкендей, алар кыргыз дүң-бөлүштүрүү борборлору менен айыл чарба продукцияларынын бардык түрлөрүн сатып алуу боюнча өз ара кызматташууга жана аракеттешүүгө даяр.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, компания кыргыз айыл чарба продукциясын Казакстан Республикасынын аймагында соодалоо максатында сатып алат.
Белгиленгендей, Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүлөрдү жакшыртуу жана өз ара соода маселелерин жөнгө салуу максатында аталган компания менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, «Prime Capital Retail and Management» жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин башкы директору Марат Нурпейсов жана башкалар катышты.
[su_carousel source="media: 129084,129085,129086" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү