14
Август
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашуун бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин 7-жыйынында билдирди.
«Кыргыз Республикасы – агрардык өлкө, элдин көбү айылда жашашат. Ошондуктан дыйкан жана фермерлик чарбаларга көбүрөөк жардам беребиз. Өкмөт «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорлорунун алкагында аймактардагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 25 млрд сомдон ашык каражат бөлгөнү - туура чечим», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр болуп турган убакта ирригация тармагында ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча зарыл долбоорлор иштелип чыккан.
«Натыйжасында 5 жылдын ичинде эле 26 миң га жер суу менен камсыздалып, ирригациялык инфратүзүм жана бир катар каналдар модернизацияланат. Айыл чарбасын колдоонун маанилүү элементтери - МТСтерди, логистикалык борборлорду жана айыл чарба кооперативдерин пайдадан алынуучу салыктан, айыл чарба продукцияларын экспорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотуу болуп саналат», - деди ал.
[su_carousel source="media: 121158,121159,121160,121161,121162,121163,121164,121165,121166" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 117429,117428,117427,117426"][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү