12

Июль

2018

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт

Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү күчтөндүрүлөт. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 

“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жаатындагы бир катар жоболор, анын катарында  аз камсыздалган балалуу муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчтөндүрүү тууралуу жобо бекитилген.

Натыйжада, 2018-жылдын 1-июлунан тарта үй-бүлөнүн аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөкпулга муктаждыгы аныкталган учурда:

- пенсиянын бардык түрү эске алынбайт. Бул өз балдары жана неберелери менен биргеликте жашап жаткан пенсионерлерге өз каражатын жеке муктаждыктарын канааттандырууга багыттоого мүмкүндүк берет;

- жөлөкпулду дайындоодо айыл чарба жандыктарын эске алуу шарттары кайра каралып, жер үлүштөрүнөн жана короого караштуу участкалардан алынган кирешелердин жаңы ченемдеринин долбоорлору иштелип чыкты.

Мында «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун айлык кирешенин бир адамга карата өлчөмү кепилденген минималдык кирешеден - 900 сомдон ашпаган үй-бүлөлөр алат. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сом суммасында каралган.

Мындан тышкары, пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болбогон майып балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык жөлөкпул өлчөмү кайрадан эсептелинет, токтом алкагында анын өлчөмү 2018-жылдын 1-июлунан тарта 33% жогорулатылып, алуучунун категориясына жараша 2 миң 700 сомдон 4 миң сомго чейинки сумманы түзөт.

Райондук коэффициенттер орнотулган, алыскы, бийик тоолуу пункттарда жашаган майыптыгы бар жактар үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен кайрадан эсептелет.

Белгилей кетсек, социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүнүн жогорулатылышы майыптардын шартын жакшыртат. Кабыл алынган чаралар аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртууга, пенсия курагындагы улгайган жарандар менен бирге жашаган балалуу үй-бүлөлөрдүн абалын бекемдөөгө, ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү