11
Январь
2018
Азамат Буржуев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Буржуев Азамат Чолпонбекович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү